Марал Радиосу

Өзбекстан Самара облусуна соода үйүн ачат

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Намангандагы «Дилрабо СДА» компаниясы менен биргеликте Орусиянын Самара облусунда соода үйүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Соода үйү өз ишин 2020-жылы баштоону пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Өзбекстандын кийимдерин Орусиянын базарларына алып чыгуу максатында түзүлгөн бул долбоор Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы 2018-жылдын октябрь айында өткөн аймактар аралык форумдагы макулдашуулардын негизинде ишке ашырылып жатат.

Добоордун жалпы суммасы 2 млн. долларды түзөт. Орусия тараптан өнөктөш катары «Самара Текстиль» компаниясы катышууда.