Марал Радиосу

«7-апрель шейиттери» мечити ачылды

Бүгүн Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечити ачылды. 2 гектардан ашык жерге салынган мечит беш миң кишиге ылайыкташкан. Кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалган.

Ачылыш аземге экс-президент өзү, аалым Абдышүкүр ажы Нарматов да катышты.

Алгач мечитте жалпы арбактарга багышталып куран окулду. Андан соң, мечиттин ачылышын куттуктап сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя Кыргызстандын тарыхы үчүн эң маанилүү күн экенине токтолду.

«Президент кезимде бул күндү майрам күн, кызыл күн кылдым. Бирок ошол күнү каза болгондордун туугандары, жарадар болгондор мени түшүнөт, бул — дагы эле кайгылуу күн. Ошондуктан, тарыхта майрам катары калсын дедим. Анткени, Кыргызстандын келечеги, тарыхы үчүн 7-апрель 2010-жыл — Аксы окуясынан кийинки эле эң орчундуу күн. Мечитти салууга берген 2 гектардан ашык жер 25 жылдан ашык убакыттан бери менин менчигимде болчу. Мен — мусулманмын. Андыктан, мечит салуу да — милдетим», — деди экс-президент.

Атамбаев ошондой эле, мечиттин кире беришинин оң капталына 2010-жылы 7-апрелде шейит кеткендердин аты-жөнү жазыла турганын кошумчалады.