5-апрелден 12-апрелге чейин Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мезгил аралыгында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аталган капчыгайдагы бөлүгүндө таш кулоо коркунучу бар жерлердеги таштар кулатылып түшүрүлөт.
Капчыгайдагы жолду 5-12-апрель аралыгында эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маал-маалы менен тосуп, транспорт каттамдарын көзөмөлгө алат.
«Токтотулган унаалар 30-40тан ашканда таш кулатуу токтотулуп, транспорттор өткөрүлөт. Мындай жумуш күндүз жүргүзүлөт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.