Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны 253кө жетти

Бүгүн, 2-апрель саат 16:00гө алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башка кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында жарандардын жана автоунаалардын кезек күтүүсү катталган жок. Абал туруктуу, чек арачылар күндөгүдөй тартипте иш алып барышууда.