Марал Радиосу

Баткен: Чек арада абал тынч, жолдор жабык

Бүгүн, 18-мартта кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү бүгүн билдирди. Ишемби, жекшемби күндөрү чек ара тилкелерде эки тарапта тең топтошкон адамдар болгон жок.

Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин жана облустун жетекчилиги менен бирге Баткен облусунда жүрүшөт. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик делегацияларынын сүйлөшүүлөрү бүгүн дагы улантылат. Кечээ 10 сааттан ашык убакытка эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Анда талкууланган маселелер тууралуу азырынча айтылат элек.

Исфара—Ворух (Тажикстан) жана Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жолдору жабылып турат.