Марал Радиосу

Жээнбеков: Элчиликте иштегендерибиз кыргызча билбей, мен барганда которуп берчү адам жок

Президент Сооронбай Жээнбеков элчиликтерде эмгектенген кызматкерлердин тил билбегендигин сынга алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

Элчиликтерде мамлекеттик тилде сүйлөгөн кызматкерлер жок. Мисалы Белгияда жок. Мен барганымда расмий тилде сүлөштүк. Түркияда да котормочу жок болду. Дагы жакшы ошол жерде университетте тилди мыкты билген мекендешибиз бар экен, кыргызча-түркчө которуп берип жатты. Мен биздин элчиликтерде тил билген, өз алдынча которо алган кызматкерлердин иштөөсүн каалаайт элем. Кызматкерлерди жумушка алууда талаптар жогору болуш керек. Баары, бухгалтерден баштап, айдоочуларга чейин тил билип, которо алыш керек. Президент барса, мага которуп бере алышпайт, бул эмне деген элчилик? Бул деген элчилик эмес«,-деп айтты мамлекет башчы.