Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Элчиликте иштегендерибиз кыргызча билбей, мен барганда которуп берчү адам жок

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 1574 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков элчиликтерде эмгектенген кызматкерлердин тил билбегендигин сынга алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

Элчиликтерде мамлекеттик тилде сүйлөгөн кызматкерлер жок. Мисалы Белгияда жок. Мен барганымда расмий тилде сүлөштүк. Түркияда да котормочу жок болду. Дагы жакшы ошол жерде университетте тилди мыкты билген мекендешибиз бар экен, кыргызча-түркчө которуп берип жатты. Мен биздин элчиликтерде тил билген, өз алдынча которо алган кызматкерлердин иштөөсүн каалаайт элем. Кызматкерлерди жумушка алууда талаптар жогору болуш керек. Баары, бухгалтерден баштап, айдоочуларга чейин тил билип, которо алыш керек. Президент барса, мага которуп бере алышпайт, бул эмне деген элчилик? Бул деген элчилик эмес«,-деп айтты мамлекет башчы.

1 пикир

1 пикир

  1. Fenix_57@mail.ru

    16.03.2019 00:27

    Эн туура, урматтуу Президент. Мага окшогон 32 тилде эркин суйлогон, он чакты тилде эркин жаза алган, Маскоодон Дипломатиялык академияны бутургон кишилерди ишке албай койгон ТИМди кудайга койдум. Бирок сиз ондонуз: ТИМге сабаттуу, билимдуулорду ишке алгыла.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM