Марал Радиосу

Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасына чыгып кетти

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына чыгып кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов “Маралга” кабарлады.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы rыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу