Марал Радиосу

Пекин Huawei компаниясын колдоого алууда

Кытай бийлиги Huawei компаниясын, анын жетекчиси Мэн Ваньчжоу жана өлкөнүн улуттук телекоммуникациялык компанияларын коргоого алат.

Бул тууралуу Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырза бүгүн журналисттерди суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Биз кытай компанияларынын жана Кытайдын жарандарынын кызычылыктарын, алардын мыйзамдуу укуктарын бекем коргойбуз деген ниеттебиз”, – деп билдирген Ван И мырза маалымат жыйында.

АКШ менен Австралия Huawei компаниясын өзүнүн жабдуулары менен чыккынчылык жана купуя маалыматтарды чогултуу боюнча айыптагандан соң экономикалык санкция коркунучуна туш болгон.