Марал Радиосу

Трамп америкалык студенттин өлүмүнө Түндүк Корея жооптуу экенин маалымдады

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык студент Отто Уормбирдин өлүмү үчүн жоопкерчиликти Түндүк Корея мойнуна аларын ачыктады.

Бул тууралуу Трамп Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Трамп: «Мен Түндүк Кореяны Оттонун өлүмүнө алып келген аёсуз мамилелерге жооптуу деп эсептейм», — деп жазган.

Эске салсак, Түндүк Корея өкмөтү Отто Вомбиерди 2016-жылы өлкөдөн үгүт материалдарын алып кетүүгө аракет кылганы үчүн айып тагып, аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Студент 1 жылдан соң АКШга өткөрүлүп берилген. Бирок 2017-жылы ооруканада каза тапкан.

Муркум студенттин үй-бүлөсү Пхеньяндан ири суммада акча талап кылууда