Марал Радиосу

Ташиевдин уулу италиялык Паоло Росси футбол академиясы менен келишим түздү

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Италиядагы Паоло Росси футболдук Академиясы менен келишим түздү. Бул тууралуу саясатчынын кызы Мээримай Ташиева бүгүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Мээримай ата-энеси, иниси менен чогуу түшкөн сүрөттү баракчасына коюп, инисин Италиянын Паоло Росси Академиясына узатып жатышканын, ал үчүн сыймыктанганын жазган. Бул кабарды чыдамсыздык менен күтүшкөнүн, Келишим Кыргызстандын тарыхында алгачкылардан болуп жатканын Мээримай белгилеген.