Марал Радиосу

Оштун маданият кызматкерлери кайрымдуулук кербенин өткөрүүдө

Ош шаарындагы маданият кызматкерлери кайрымдуулук акциясын башташты. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду шоу-бизнес өкүлдөрү менен бирге муктаждарды кубантуунун жаңы ыкмасын ишке ашырууда. Акциянын шарты эстафетаны алган тарап өз шартына, мүмкүнчүлүгүнө карап, ар кандай кайрымдуулук иш-чарасын өткөрсө болот. “Чу” дегенде эле жакшылыктын эстафетасы алгач тамашоучу Эмил Токтошевден башталган. Ал 1 тонна көмүр сатып алып, муктаж үй-бүлөлөргө тараткан. Ал эстафетаны дагы бир тамашоучу, “No Name” командасынын оюнчусу Кадыр Жарматовго узатты.

Алып баруучу Кадыр Жарматов 4 мүшөк ун менен керектүү азык-түлүктү камдап, жардамга муктаж болгон 4 үй-бүлөнү кубантты.

Эстафета дагы бир таланттуу инсан менен уланды. Көп эле кинолордо роль аткарып, Тамашоудо да белгилүү оюнчулардын бири Мурат Жалиев башкалардан обочолонуп, мал союп, жакырларга таратты. Эттин даамын тата элегине көп болгон апалар ага батасын берип, ыраазычылыгын айтышты.

Тамашоучу таланттуу жеңеси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага узаткан. Ырчы айым калктын аярлуу катмарынан 100гө жакын баланы 2 күн ойнотту. Анда ата-энесинен ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болду. Мээримге, оюн-зоокко зар болуп жүргөн балдар кайрымдуу каармандын мындай жакшылыгына жетине албай кубанышты.

Кайрымдуулук кербени эми белгилүү алып баруучу Аман Ибраевге узатылды. Ал кандай кайрымдуулук менен кимдердин көңүлүн жылытып, кубантары 4-мартта билинет.

Мындай акциядагы башкы максат – элдин арасында кайрымдуулук маданиятын арттыруу.