Марал Радиосу

Москвада көк бөрү өткөргөндөрдү жоопко тартуу талабы коюлууда

24-февралда Москвада өткөн көк бөрү оюну жергиликтүүлөрдүн кыжырын кайнатты. Жаныбарларга аёосуз мамиле кылынды деген себеп менен уюштуруучуларды жоопко тартууну талап кылышууда.

Интернетте онлайн түрүндө кол чогултуу жүргүзүлүүдө. Оюн Москванын борбордук ипподромунда өткөнүн, мындай оюнга жол бергени үчүн ат майдандын жетекчилигине да чара көрүү талабы коюлган.

Көк бөрүдө аттарга аёосуз мамиле жасалып, ал москвалык балдарга терс таасир этери жазылган.

Кошумчалай кетсек, 24-февралда Кыргызстандан барган мигранттар Москванын борбордук ипподромунда көк бөрү оюнун өткөн. Ага 14 миңден ашык көрүүчү кирген.