Марал Радиосу

Президент дагы жаңы коррупциялык фактылардын ачыкталарын убадалады

????????????????????????????????????

Сооронбай Жээнбеков дагы жаңы коррупциялык фактылардын ачыкталарын убада кылды. Кыргызстанда бардык бийлик бутактарында коррупцияга каршы күрөш уланууда. Коррупция мамлекеттин экономикалык өсүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу Президент ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференцияда сөз сүйлөп жатып айтты.

«Коррупция биздин системада биз ойлогондон да терең тамырлашкан. Учурда көптөгөн коррупциялык фактылардын бети ачылууда. Дагы көптөгөн жаңы фактылардын бети ачылат. Коррупция гүлдөп турган чакта биз өлкөнү экономика сазынан чыгара албайбыз. Дал ушул коррупциялык системадан улам көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болбой жатат. Бул  демилгени Кыргызстандын эли жапырт колдоого алганда гана жакшы жыйынтыкка жетишебиз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.