Марал Радиосу

«Германиянын грантына кесиптик-техникалык окуу жай куруу зарыл»

Германия Кыргызстанга гранттык 40 млн еврону 2019-25-жылдар аралыгында берет. Анда жаштарга жардам берүү үчүн 11 млн евро каралган. Ага кесиптик-техникалык окуу жай куруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«11 млн еврону оюндарга, тренингдерге жумшайбыз деп жатышат. Бирок жаштар үчүн каралган каражатты өлкөнүн түндүк жана түштүк аймагында атайын жүрүм-турумдарды үйрөтө турган бир жылдык окуу жайларды ачууга сарптасак болот. Биз бул маселени суроо-талап катары өкмөткө сунуштап жатабыз», — дейт Жапаров.

Германия Кыргызстанга 40 млн евро грант бөлөт