Марал Радиосу

Түркия: абактагылардын балдарына жардам берген 37 аял кармалды

Түркияда дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана Кызмат кыймылына тиешеси бар делип камалган адамдардын артында калган аялдарына жана бала-чакасына материалдык жардам көрсөтүүдө делип 37 аял кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

CNN Turk басылмасынын сайтына аталары абакта болгондорго материалдык жардам көрсөтүүдө делип шектелген Ясемин Өренди полис кызматы кантип акмалап жургөнү жана колго түшүргөн операциясы жарыяланды. Анда жаш аял Анкарадагы кафелердин биринде курбулары менен жолугушууга келген жеринен кармалганы көрсөтүлгөн.

Атайын операциянын алкагында кармалган аялдардын сөйкө-шакектеринен бери «олжо» катары тартып алышканы кабарланды.

Бул жагдайды парламенттеги айрым оппозициялык депутаттар жана коомдук активисттер мыйзамсыз деп айыптап чыгышты. Алар күнөө жасап камалгандын жакындары же бала-чакасы анын жазасын тартпасын, ал эми алардын бала-чакасына жардам бергендер эч кандай айыптуу болбосун айтышууда.

Эске салсак, ушундай эле айып менен камалгандардын бала-чакасына тамак жасап берген үчүн 31 жаштагы Гүлсүм Демиржи өткөн жылдын февралында камалып, иши сотто каралбастан төрт ай жаткан соң май айында абакта оорудан улам  көз жумган.