Марал Радиосу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси кызматынан кетет

Марат Калиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу Марат Калиев Kaktus.mediaга өзү билдирген.

Мен кызматтан кетүү боюнча кечээ, 18-февралда арыз жаздым. Башка иште иштөөнү чечип, азыр ойлонуудамын. Ушул тапта премьер-министрдин чечимин күтүп жатам”,-деди Калиев.

Марат Калиев азыркы кызматына 2015-жылдын ноябрь айында келген.

Эске салсак, 15-февралда Өкмөттүн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча өткөн жыйынында Марат Калиевге кетирилген каталар жана белгиленген иштердин толук аткарылбагандыгы боюнча эскертүү берилген болчу.