Марал Радиосу

Нуран Ниязалиев ТИМ башчысынын биринчи орун басары болду

Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду.

Ал бүгүн Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду.  Катардагы элчиликке 2015-жылдын декабрь айында дайындалган.

Тышкы иштер министринин буга чейинки биринчи орун басары Динара Кемелова болчу. Ал Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган.