Марал Радиосу

Илим Карыпбеков КТРКнын директорлугуна талапкерлигин коёт

Илим Карыпбеков Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна өз талапкерлигин кайра коёт. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда аны кызматка кайра келтирбөө аракеттери жүрүп жатканын айтып, шайлоого кайра катыштырбай койгонго кызыктар тараптар бар экенин жазган.
Карыпбековдун белгилешинче, КТРКнын кызматкерлери анын кызматта калышын каалап, байкоочулар кеңешине, Жогорку Кеңешке жана президенттин дарегине кат жолдошкон. Эмгек жамаатынын колдоосун аягына чыгаруу үчүн кийинки ачык шайлоого катышарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Илим Карыпбеков 2015-жылы КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Ал 2017-жылы Марал радиосуна берген маегинде кийинки шайлоого талапкерлигин койбой тургандыгын айткан эле.