Марал Радиосу

ЖЭБдеги чыгымды ТВЕА компаниясынан тактоо сунушталды

Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек жылуулук борборундагы чыгымды билүү үчүн  ТВЕА компаниясына кайрылуу демилгесин көтөрүштү.

Мындай сунушту эл өкүлү Айсулуу Мамашева парламенттин 14-февралдагы жыйынында берди.

Эксперттер ЖЭБдеги чыгымды эң жогорку баа менен эсептеген күндө да жабдыктардын сметасы 275млн долларды түзгөн. Ошондуктан Кытайдын  ТВЕА компаниясынан чыгымдарды такташыбыз керек. Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен кайрадан авария орун алып жатат.»-деди, эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, Бишкек ЖЭБдеги коррупцияга күнөөлү деп экс-премьер-министр Сапар Исаков жана Жантөрө Сатылабдиев, парламент депутаттары жана бир катар кызматкерлер камакка алынган.