Марал Радиосу

Караколдо миңден ашык жаран сүйүнчү пул алышты

Каракол шаарында миңден ашык жаран балага сүйүнчү пул алышты. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Динара Түлеева сжергиликтүү маалымат булактарына билдирген.

Анын айтымында, мындай жөлөк пул 2018-жылы 1 миң 175 жаранга жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн берилген.

«Сүйүнчү берүү боюнча атайын бөлүм иш алып барат. Тийиштүү документтери менен келген ата-энелер сүйүнчү акчаларын алып кетишүүдө. Учурда документтерин тапшырган жарандар арбын болууда. Балага сүйүнчү алыш үчүн наристе төрөлгөндөн кийинки 6 ай аралыгында арыз берилиши керек. Андан кеч калгандарга акча берилбейт. Буга чейин атайын бурч уюштурганбыз, анда кандай документтерди даярдоо керектиги боюнча көрсөтмөлөр жазылган», — деди Д.Түлеева.
Эске салсак, жаңы төрөлгөн бала үчүн сүйүнчү пул өткөн 2018-жылдын январь айынан тарта бериле баштады. Анын көлөмү 4000 сомду түзөт.