Марал Радиосу

Кулов: Акаевди алып келип, потенциалын колдонуу зарыл 

«Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов “Марал” радиосуна берген маегинде тунгуч президент Аскар Акаев илимий кызматкер катары ири потенциалга ээ болгонун жана мындай адамдарды колдонуу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, ар бир кыргыз экономикага кандайдыр бир деңгээлде салым кошууну атуулдук милдет катары кароосу зарыл.

«Акаев туулган жерине салым кошууну каалаган. Мен ага 100 пайыз ишенем. Биз эмне үчүн анын кайтып келишине шарт түзүп бербешибиз керек? Чыныгы мекенчил жарандардын көпчүлүгү Акаевдин кайтып келип, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуусун колдойт», — дейт Кулов.

Кулов Акаев президенттиктен кеткенден кийин аны менен жолукпаганын айтып, Акаевди кечиргенин белгиледи.

«Саясатта өч алууга орун болбошу керек. Эгер биз каршылаштарыбыздан өч ала баштасак, анда өлкө эч качан жакшылыкка жетпейт. Андыктан өз алууга жол бербешибиз керек», — дейт Кулов.