Марал Радиосу

БатМУнун окутуучулары президентке кайрылды

Баткен мамлекеттик университетиндеги коррупциялык аракеттерге каршы күрөшүү үчүн президентке кат жолдонду. Анда буга чейин бир катар текшерүүлөр орун алганына карабастан коррупциялык схема дагы деле уланып келе жаткандыгы айтылат.

Аталган окуу жайдын ага окутуучусу Кубанычбек Таировдун маалымдашынча, 2017-жылы 39 диплом мыйзамсыз берилгендиги аныкталып, 7 окутуучуга соттук өкүм чыкканы менен, мыйзамсыз аракеттин башындагылар эмес аткаруучуларга гана чара колдонулган.

Кайрылууда окуу жайга студенттерди кабыл алууда коюлган тоскоолдуктардын көп экендиги да айтылат. Алсак, 2018-жылы башкы мекемеде күндүзгү бөлүмгө 38 гана студент кабыл алынган.

Ошондой эле университеттин жетекчилиги тарабынан ашыкча чыгымдар да көп болору маалымдалган. Ректор Абдивап Зулпуев Францияга, Москвага жана башка өлкөлөргө жубайы менен сапарга чыкканы, анын баары университеттин эсебинен каржылангандыгы айтылган.

Маалыматта жазылгандай, жыйынтыксыз иш сапарларга  2017-жылы 6 млн 230 миң 797 сом чыгымдалган. Ректордун Франциядан алган “Илимдеги наам” жеке сыйлыгына 2 миң доллар окуу жайдын эсебинен төлөнгөн. Бирок башка кызматкерлерге ушул эле багыттагы иш сапарлар үчүн акча каралбайт.

-Ректор үчүн кызматтык унаа 2017-жылы 11 миң долларга сатылып алынган. Бул абдан кымбат болгон. Тендердин кандай өткөндүгү дайынсыз. Кызматтык унаага 2017-ж. 333 миң 900 сом жумшалган. 2018-жылы 7-октябрда ректордун шалаакылыгынан машина Баткенден Кызыл-Кыяга түн жарымында баратып, масчылыктан кырсыкка учурап, айдоочусу каза болгон. Бирок бул боюнча эч кандай текшерүү иштери жүргөн да, чара колдонулган да эмес, — деп катта айтылат.

Кубаныч Таировдун президентке жолдогон катында БатМУда жогорку билимдүү окутуучулар 6-7 миң сом, ал эми айдоочу 20 миң сом айлык алары да жазылган.

Бул боюнча ректор өзү эч кандай маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, териштирүү иштери бүткөнгө чейин Абдивап Зулпуевди кызматтан алып турууну да суранышкан.