Марал Радиосу

Түкүргөндөрдү ким тескейт?

1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстерге карата нааразычылыктар арбыды.  Түкүрүүгө киргизилген чарага шакаба кылып, экспертимент жасагандар да жок эмес. Ошол эле учурда бул тарипти ким көзөмөлгө аларын билбей жүргөндөр да арбын.

Ак үйдүн алдына барып, түкүрүп “айып пулду келип алып кеткиле” деген видеодогу жарандын кылганын интернет колдонуучулардын айрымдары колдосо, арасында жемелегендер да болду. Мындай эреженин киришине каршы болгондордон бул жалгыз киши эмес. Өкмөткө кыжырданып эксперимент жасап көргөндөр да болду.

Түкүрбөш үчүн эми жаныңда дайым күлтүк алып жүрүш керек турбайбы. Түшүнүксүз.

-Жакшы эле нерсе. Бирок аша чапкандык. Биринчисинде эскертүү берсе жакшы болмок.

-Шаар тим эле жаркырап жаткандай түкүрүккө айып салганы бул эмнеси?!

Азырынча көпчүлүккө түшүнүксүз болуп жатканы — киргизилген талаптардын аткарылышына ким көзөмөлдөөчү болору. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматынан Нурлан Кайназаров түшүндүрүп берди.

-Кодексте бул жагдайларды жергиликтүү башкаруу органдары карай турганы айтылат. Бул суроо мэрия, акимиятка байланыштуу.

Борбор калаанын вице-мэри Асел Куламбаева көзөмөлдөө жагы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына тиешелүү экенин айтып, айып пулду да алар саларын билдирди. Бирок азырынча бул маселенин үстүндө иштеп жатаканын жүйө келтирип, «топту» шаардык ички иштер башкармалыгына ыргытты.

-Азыркы учурда иштеп жатабыз. Эми эле башталды да. Тажрыйбада көрөбүз. Мэрия жерди мыйзамсыз кеңейтип алган, белгиленбеген жерде өрттөгөндөрдү айыпка тартат. Ал эми түкүрүү боюнча кимге карайт, аны караш керек. Бирок айыпты Бишкек шаардык ичик иштер башкармалыгы болуп эсептелет.

1-январдан тартып күчүнө киргени менен, азырынча ким көзөмөлгө ала турганы белгисиз болгон бул тарипти буга чейин бир канча активисттер да көтөрүп чыгышкан. Алардын катарындагы “Ыйман” фондунун директору Нуржигит Кадырбеков 3 жыл мурда түкүрбө акциясын уюштуруп келген. Мындан улам ал азыр эл каршы болгону менен кийинчерээк көнөт деген оюн айтат.

Мекениңе түкүрдүң деген сөз бекеринен эмес да. Эмне үчүн азыр мекендин кадыры болбой жатат. Анткени биз мекенди сүйүүдөн алыстап жатабыз. Биз буга чейин эле мекендин жүзүн булгабайлы деп баштаганбыз. Түкүрбөйлү деп чакырып келгенбиз. Мына эми 3 жылдан кийин мыйзам чыкты. «Сый менен түшүнбөгөн, ый менен түшүнөт» демекчи, эми тартиптин негизинде калыбына келет деп ойлойм.

Кошумчалай кетсек, 1-январдан тарта күчүнө кирген «Бузуулар» кодексине ылайык, Бишкекте коомдук жайларга түкүргөндөргө 5500 сом айып пул салына турган болгон.

Коомдук жайда маданиятты сактаңыз. Айып пулдар эселеп өстү