Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата тергөө ишинин негизинде “коррупция” беренеси боюнча акыркы айып коюлду. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов «Марал» радиосуна билдирди.
Сапар Исаков алдын ала уюшуп, мамлекетке материалдык чыгым алып келген деп айыпталууда. Жактоочунун айтымында, Исаков 303-берененин 2-пункту боюнча айыпталганы себептүү 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.