Марал Радиосу

Январдан тарта майып баласын караган ата-энеге жөлөк пул берилет

2019-жылдын январь айынан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын кароо жана көзөмөлдөөсү үчүн ата-энелерге   айына 4900 сом өлчөмүндө жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди

Анын айтымында, жолок пулдун суммасын жылдан-жылга жашоо минимумунун деңгээлине жараша өзгөртүлүп турат.

«Жөлөк пул берүү 1-январдан тарта төлөнүп баштайт. Ноябрда берилмек, бирок биз өзгөртүүлөрдү киргиздик. Кыйналып баласын бирөөгө таштап кете албаган ата-энелер бир топ документ алып келиши керек эле. Эми министрлик аларга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча докуементти чогултууга милдеттендирилди. Ушул процедураларды жөнгө салуу жана келишимдерди түзүү үчүн кармалып жатат. Жашоо минимумунун өлчөмүндө 4962 сом төлөнөт», — дейт министр.