Марал Радиосу

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери сүйлөшүштү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки өлкө башчы 2018-жылдагы кыргыз-казак мамилесинин жакшы нукта өнүккөнүнө канааттанганын билдиришти.

Ошону менен бирге президенттер бири-бирин жана боордош эки элди 2019-жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык жана өнүгүү каалашты.

Эске салсак, кечээ ушундай эле сүйлөшүү Сооронбай Жээнбеков менен түркмөнбашы Гурбангулы Бердимухаммедовдун ортосунда орун алды.