Марал Радиосу

«Замандаш» жаңы жылдык кеченин ордуна кайрымдуулук кылууда

«Замандаш» саясий партиясы Жаңы жылдык кече өткөрүүдөн баш тартып, анын ордуна, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк алып берүү акциясын баштады. Партия төрагасы Жеңиш Молдокматовдун айтымында, быйыл өлкөдө жакырчылыктын саны өсүп, 6 млн калктын 26 пайызы жакыр. Өтө жакыр жашаган калк 50-60 миңдин тегерегинде.

Ал эми жаңы жылдык кечелерде бир кишиге жок дегенде 1,5-2 миң сомдон чогултулат. Бул акчага 50дөй аз камсыз үй-бүлөгө жардам берсе болот.

-Биз ойлонуп көрүп, корпоративден баш тартууну туура көрдүк. Себеби көп балалуу, кыйналып жашаган үй-бүлөлөр бар. Мен жеке өзүм дагы мындай ашыкча чыгым кетирүүнү туура көрбөйм. Анткени соз мезгилинде оор күндөрдү баарыбыз баштан кечиргенбиз. Мисалы, ошол кезде жаңы жылга жакын апельсиндин жыты үйдө буркурап турганда абдан жагымдуу болчу. Ошондуктан бул кубанычты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кичинекей балдарга жаңы жылдык маанай тартуулайлы дедик.