Марал Радиосу

УКМК Зилалиевдин банктагы акчасы тартылган видео боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Оптима Банк” тарабынан мурунку өкмөт башчы Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык уячадагы акчасы тууралуу тарткан видео боюнча комментарий  берди.

УКМКнын маалыматында, бул видео экс-вице-пермьер министрге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган.

Видео декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш-ишине кошулган жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин УКМК маалымдайт.

Ошондой эле видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин кошумчалашты.

Эске салсак, «Оптима Банк» мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылганын жарыялаган.

Банк: Зилалиевдин акчасы тууралуу видео былтыр тартылган