Марал Радиосу

Абылгазиев Түркия парламентинин төрагасы менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түркия Парламентинин Спикери Бинали Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Анда Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуунун көрсөткүчү жогорулаганын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, товар жүгүртүү көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 25%га өскөн жана 277 миллион долларды түзгөн. Мен бизде бул багытта мындан да мыкты ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишенем», — деди ал.

Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым өлкөлөрдүн ортосундагы саясий өз ара аракеттешүүлөрдүн деңгээли жогору экенин айтты. Ошондой эле товар алмашуунун көрсөткүчү бул тармактагы кызматташууну бекемдөө зарылдыгын көрсөтүп турарын белгиледи.