Марал Радиосу

Нурлан Акматов «Манас» аэропортуна төрага болду

Нурлан Акматов “Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын  төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда аталган ишкананын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, анда Акматовду төрага кылып дайындоо чечими кабыл алынды.

Нурлан Акматов 2011-жылдан бери “Газпром нефть Азия” ишканасынын башкы директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары  болуп иштеп келген.

Кошумчалай кетсек, 3-декабрда «Манас» аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев өз каалоосу менен арызын жазып кызматтан кеткен. Анын ордуна убактылуу жетекчи болуп Мирлан Бегалиев дайындалган болчу.