Келерки жылдын январь айынан тартып майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акы ала баштайт. Мындай маалыматты “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” коомдук уюмунун өкүлү Сейнеп Дыйканбаева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айтты.
-2019-жылдын январь айынан тартып, майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акысын ала баштаары белгилүү болду. Бул абдан чоң жеңиш, майыптыгы бар адам толук кандуу жашай алышы үчүн мындай үй-бүлөлөрдү биздин өлкөдө колдой баштагандары жакшы жөрөлгө», — деп белгиледи ал.
Президент Сооронбай Жээнбеков майыптарга жасалган мамиле коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү экенин айтты.
—Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү менен чектелбестен, жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет»,-деди президент.
Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун соңунда «Социалдык ишкерлер ассоциациясынын» өкүлү Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаевага энчилүү сааттарын тапшырды.
Социалдык ишкерлер ассоциациясы 2012-жылы түзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды ишкерлик менен алек болууга, аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен алектенет.
Коомдук уюм аркылуу 2 миңден ашык адам окуудан өтүп, 70ке жакын социалдык ишканалар ачылды.
«Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» 20 жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет. Бул коомдук уюм тарабынан Кыргызстанда алгачкылардан болуп ден-соолугунун абалы оор балдар менен иштөө борбору ачылган.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө республикада 181,4 миң ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 29,8 миңи — балдар.