Марал Радиосу

«Мегакомдун» жетекчиси канча айлык аларын айтты

“Мегаком” компаниясы акыркы 5 жылда мамлекетке дивидент катары 15 млрд сом төлөгөн. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкана жыл сайын 2 млрд сомго чейин салык төлөп келет. Мындан сырткары кайрымдуулук акцияларын уюштурат.

Жамангулов, мамлекетке ушундай чоң киреше алып келген компанияны сатыкка коюу чоң жаңылыштык болорун айтат.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Мегакомдун» жетекчиси 12 миң доллар маяна алып келген. Мамлекеттик мүлк  фондунун чечими менен директордун айлык акысы кыскартылган. Учурда Жамангулов 200 миң сом айлык алат.

«Кыргызстанда мамлекет чарбалык ишти аткара албайт деген көрүнүш калыптанып калган. Бирок мурунку тенденцияны карасак мамлекеттин мекемелери үлгүлүү болуп келген», — дейт Жамангулов.

Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору болуп 24-октябрда дайындалган.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Акылбек Жамангулов парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты болгон.