Ош шаарында 17-18-ноябрь күндөрү грэпплинг боюнча Азия чемпиондугуна бара тургандар аныкталып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын UWW(United World Wrestling) грэпплинг федерациясынан билдиришти.
Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында болуп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын спортчулары катышат. Анда жеңишке жетишкендер Азия чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Булар чемпиондукка катышчу курама команданынын бир гана бөлүгүн түзөт. Ал эми экинчи бөлүгү болсо 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында аныкталат.
Жаштар арасындагы мелдешке 18-19 жаштагы кыздар жана балдар, ал эми чоңдор арасындагы таймашка 20-35-жаштардагы эркектер жана аялдар катышат.