Президент Сооронбай Жээнбеков мындан так 60 жыл мурун, 1958-жылы Кара-Кулжа районунун Тельман айылында жарык дүйнөгө келген. 1983-жылы Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институнун бүтүргөн. Ага чейин Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим болуп эмгектенген.
1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары – Жогорку Кеңештин агрардык саясат Комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.
2005-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.
2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.
2008-жылдан 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу
2010-жылдын сентябрынан тартып – облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, август айынан тартып – Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2016-жылдын мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдын 13-апрель айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 24-ноябрда мамлекет башчылык кызматына киришкен.
*** Айрым сүрөттөр Спутниктен алынды