Марал Радиосу

Улукбек Кочкоров жардамга муктаждардан кабар алууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы жөлөкпулга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алууда. Бул тууралуу “Марал” радиосуна аталган министрликтен билдиришти.

Кочкоров жумушчу топ түзүп, 7-ноябрдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы менен таанышууда. Балдарды коргоо уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүндө шарты оор болсо да жөлөкпул ала албай жүргөн үй-бүлөлөр бар экендиги аныкталган. Ошонун негизинде министр эки күн ичинде 4 райондогу жарандар менен жолугушуу өткөрүп жатканы маалым болду.

Эскерте кетсек, Улукбек Кочкоров 25-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.