Марал Радиосу

Кочкоров: Эл документтин баарын бир жерден бүтүрүүгө тийиш

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров калкты бат тейлөө керектигин айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ал министрликтин коомдук кеңеши менен жолугушту. Автоматизацияга өтүү калкты тейлөө мөөнөтүн кыскартарын белгиледи. “Жардамга кайрылган эл тиешелүү документтерди топтоп чуркабашы керек. Мунун баары бир гана мекемеде чечилүүгө тийиш”,-деп кошумчалады.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү мониторинг жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дареги аныкталганын айтышты. Министрликтин бюджети ачык-айкын болуп, коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, аларды азайтуу керектигин белгилешти.