Марал Радиосу

2019-жылы ажыга баруучулар биометрикалык паспорттун негизинде катталат

2019-жылы ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Учурда 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктар көрүлө баштады. Ажылык  иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы. Буга байланыштуу келе жаткан жыл ажылыкка барууну каалаган жарандар биометрикалык паспорт менен катталышы керек.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ар бир ажылыктын баасы 2890 доллар деп белгиленген. Ал эми ажылык ырасымына 7 миңден ашуун адам барып келди.