Марал Радиосу

Айтматовдун 90 жылдыгына карата монеталар чыгарылат

Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган коллекциялык монеталарды чыгарат. Бул тууралуу банктын сайтына жарыяланды.

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө өлкөнүн герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси, тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн.

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.