Марал Радиосу

Бишкекте оңдоп-түзөөдөн соң Оберон көчөсү ачылды

Бишкектин “Кара-Жыгач” конушундагы Оберон көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен соң  ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анкара жана Лев Толстой көчөлөрүнүн ортосундагы аянт толук реконструкциядан өттү. Натыйжада жолдун өтүүчү бөлүгү 9 метрге кеңейтилип, тротуар салынып,  ирригациондук система жана жол белгилери орнотулду.