Марал Радиосу

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары каза болду

«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду. Бул тууралуу аталган ишкананын аппарат жетекчиси Өмүрбек Шамбетов  «Маралга» билдирди.

Анын айтымында,  21-октябрда “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, айдоочулар айтыша кетишкен. Айтышуу мушташууга чейин чоңоюп, Жакыпбаев башы менен жерге кулап түшүп мерт болгон.

Маматназар Жакыпбаев «Кыргызаэронавигация» ишканасында 5 жылдан бери иштеп келген. Анын артында 3 баласы калды.

Кесиптештеринин айтымында, Жакыпбаев буга чейин эч ким менен мушташып, чыр-чатакка барган эмес.