Марал Радиосу

Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков  Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Крутько Орусинын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун Айдарбековдун дарегине айтылган каалоо-тилектерин айтып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, анын ичинде күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги визиттер жана иш-чаралар тууралуу сөз болду.