Марал Радиосу

Жайкы Азия оюндарынын катышуучулары сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарынын катышуучулары жана алардын машыктыруучуларын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен  сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык «Даңк» медалы менен:

Төрөкан Багынбай уулу — джиу-джитсу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү;

Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү;

Дарья Маслова — жеңил атлетика боюнча улуттук кураманын мүчөсү;

Магомед Мусаев — эркин күрөш боюнча улуттук кураманын мүчөсү;

Айсулуу Тыныбекова — аялдар күрөшү боюнча улуттук кураманын  мүчөсү.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» ардактуу наамы:

Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика дарыгери Бактыкуль Алишевага;

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы:

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевге;

Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Ахметов Мейрамбекке;

Аталган агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго;

Агенттиктин Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Токтосун Камчыбековго;

Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Ратбек Мамбетовго берилет.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун С. Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика боюнча окутуучу-машыктыруучусу Татьяна Борисова;

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев;

Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти Константин Еремич;

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов;

Жеңил атлетика боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Сатыбек Чокаев;

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов;

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев сыйланышат.