Марал Радиосу

Монголия 20 миңден ашуун боз үйдү экспорттойт

Монголия жылына 20 миң боз үйдү экспорттоону көздөп жатат. Мындай пикирди монгол боз үй өндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирген. Бул тууралуу Montsame маалымат агенттиги жазды.

Ассоциянын жетекчисинин айтымында, Монголияда жылына 2 миңден ашуун боз үй экспорттолуп, 6 миңге жакыны өлкө ичинде пайдаланылат.

Өндүрүүчүлөр аны жасоодо заманбап технологияны, түрдүү инновациялык материалдарды колдонууну көздөп жатышат.