Марал Радиосу

Япониялыктар 190 өлкөгө визасыз кирет

Япониянын паспорту дүйнөдө эң  абройлуу деп табылды. Мындай маалыматты 9-октябрда Henley Passport Index кызматы мамлекеттердин визалык катыштары тууралуу рейтингинде жарыялады.

Япон паспорту дүйнө жүзү боюнча 190 мамлекетке тоскоолдуксуз кире алат. Үстүбүздөгү айдын башында Мьянма мамлекетинин киргизген визасыз режиминен кийин Япония мурдагы “чемпион” Сингапурду басып өттү.

Сингапур 189 багытка эркин жүрө алып, 2-орунда. Ал эми Германия мамлекетинин жарандарына Өзбекстандын берген визасыз кирүү укугунан кийин 188 өлкө менен 3-орунга чыгып, Франция менен Түштүк Кореяны артка таштады.

5-орунда АКШ менен Улуу Британиянын паспорттору 186 өлкөгө эркин кире алышат.

Кошумчалай кетсек, туризмдин жана интергациянын эң маанилүү куралы болгон визасыз мамиле паспорт ээсинин эл аралык аренадагы аброюн да көрсөтөт. Бул багытта дүйнөдө жарыш жүрүүдө. Кыргызстан дүйнөнүн 25 мамлекетине визасыз кирип, мындан сырткары 6 мамлекет менен жеңилдетилген формада виза алууга болот. Бул Henley Passport Indexтин рейтингинде 69-орунду көрсөтөт. Ал эми дүйнөдөгү эң “жолсуз” паспорт Ооганстан таандык. Ал менен 22 гана мамлекетке барууга мүмкүн.