Марал Радиосу

200 миң сом пара талап кылган салыкчы кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 200 миң сом пара талап кылган Салык кызматынын кызматкерин кармады.

Финполицияга «Ж.С.» аттуу тургун арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаардык салык кызматынын кызматкери пара талап кылганын айткан.

Чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бул иштин алкагында 3-октябрда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, талап кылынган паранын алгачкы 80 миң сом өлчөмүн алуу учурунда «О.А.» аттуу кызматкер колго түштү.

5-октябрда ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.