Марал Радиосу

«Түндүк» системасын ишке кирсе бюджеттен 300 млн сом үнөмдөлөт

«Түндүк» системасы ишке кирсе жарандар справка алуу үчүн ведомстволорго барбай калат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  билдирди.

Кыргызстанда «Түндүк»  системасы 2016-жылдан бери иштейт. Ага 25 министрликти жана ведомстволордун бөлүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Түндүк» системасы — бул мамлекеттик водомстволордун  маалыматы топтолгон электрондук аянтча болуп саналат. Каалаган министрлик башка органдан маалыматты кат жөнөтүп эмес, электрондук негизде дароо алууга укуктуу болот.

Премьер-министр бул системаны 2018-жыл ичинде иштеп, жыйынтыгын чыгарууну кеңештин мүчөлөрүнө тапшырган.