Connect with us

Өлкөдө сөөк чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалды

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 228 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, сөөк чучугун алмаштыруу боюнча 5 этаптан турган дарылоо процессин камтыган операция ийгиликтүү аяктап, учурда бейтаптын абалы жакшы.

«Биринчи бейтап 14 жаштагы Марьям Ходжкин лимфомасы же лимфа системасынын шишик оорусу менен жабыркап келген. Кыз буга чейин 5 жолу химиотерапия алган. Дарылоодон кийин сакталган клеткалар 13-ноябрда бейтапка куюлуп, 30 күндүн ичинде канга тарап, учурда абалы жакшы», — деди Стамбеков.

Операция толугу менен бекер жасалып, дарыгерлер бул операцияга алдын ала чоң даярдык көрүшкөн. Кыргызстандык дарыгерлер орган алмаштыруу боюнча Түркиядан окуп келишкен.

Сөөк чучугун алмаштыруу – бул медициналык процедура. Бул жол-жобосу кан клеткаларынын өндүрүшүн калыбына келтирүү үчүн бузулган же оорулуу жилик чучугун дени сак сөңгөк клеткалары менен алмаштырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM