Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты укту.
Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманбек уулу маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Ырысбек Атажанов эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Ал белгилегендей, балдарды билим берүү мекемелерине тартууда кыйынчылыктар бар. Депутат Чыңгыз Айдарбеков мекендештердин, эмгек мигранттарынын балдарын мектепке даярдоо максатында Орусияда атайын бала бакчаларды уюштурууга басым жасады.
Эл өкүлү Лейла Лурова убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда жарандарды социалдык жактан камсыз кылуу маселесине токтолуп, чет өлкөлөрдө социалдык жана маданий адаптациялоону жеңилдетүү үчүн Кыргызстанда иммиграцияга чейинки даярдоо борборлорун ачуу маселесин көтөрдү.