Connect with us

Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир унаа токтотуучу жай болуусу шарт

Без рубрики | 16 Дек 2024 | 24 | 0

Курулушу жаңы башталган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир унаа токтотуучу жай болуусу шарт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул эреже ушул жылдын сентябрь айынан тарта күчүнө кирген.

“Сентябрь айынан баштап көп кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилген. Тактап айтканда бир батирге бир авто токтотуучу жайы болуш керек жана беш кабаттан бийик үйлөргө жер төлөөсүндө атайын унаа токточуучу жайы болушу зарыл. Эми мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулуш уруксат берилбейт”, — деген Орунтаев.

Ошондой эле ал курулуш компанияларына унаа-лифт сыяктуу автоунаа токтотуучу жайларды да курууга уруксат берилгендигин кошумчалаган.

Расмий маалыматка караганда, Бишкекте 416миңден ашуун унаа катталаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM